КМУда «Венгрия киносунун күндөрү – 2025» аталышында фестивалдын экинчи күнү өтүүдө
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Венгрия киносунун күндөрү – 2025» аталышында фестивалдын экинчи күнү өтүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө КМУнун ректору Айгүл Абдраева Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дорогиге Ыраазычылык кат тапшырды.
Венгриянын кино күндөрү 3 күнгө созулуп, 1982-жылы чыккан «Балдарым үчүн күндөлүк», 1987-жылы жарык көргөн «Жакындарым үчүн күндөлүк» жана 2023-жылы чыккан «Земмельвейс» аталышындагы тасмалар көрүүчүлөргө тартууланат.
Фестивалдын максаты: кыргыз коомчулугуна заманбап жана классикалык венгрия киносун таанытуу, ошондой эле, эки өлкө ортосундагы маданий жана билим берүү кызматташтыгын чыңдоо.
Иш-чара Венгриянын Улуттук кино институту (National Film Institute Hungary), Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги, И. Арабаев атындагы КМУ жана И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын биргелешкен уюштуруусу менен өткөрүлүүдө.







