КМУда Voluntary Service Overseas эл аралык коммерциялык эмес кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
И.Арабаев атындагы КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунда Улуу Британиянын элчилигинин колдоосунда Voluntary Service Overseas (VSO) эл аралык коммерциялык эмес кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга Пурна Шреста мырза, Кэролайн Моррис айым, Джойс Лейкер айым, Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Нуржан Сартбекова, англис тилинин технологиясы, теориясы жана практикасы бөлүмүнүн башчысы Назира Давлеталиева катышты.
VSOнун миссиясы – ыктыярдуулук аркылуу туруктуу өзгөрүүлөрдү жаратуу.
Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү, англис тилин окутуу жаатындагы негизги маселелер, ошондой эле ДТЭМИ менен VSOнун биргелешкен ишинин келечеги талкууланды. Жолугушуунун катышуучулары тажрыйба алмашуу, окутуунун инновациялык ыкмаларын киргизүү жана билим берүү демилгелерин ишке ашыруу үчүн ыктыярчыларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Мындай жолугушуулар билимге жетүү жана тил интеграциясы аркылуу коомдун өнүгүүсүндөгү жалпы максаттарга жетүүгө өбөлгө түзгөн билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыктын жана институттар ортосундагы байланыштын чыңдалышынын маанилүүлүгүн белгилейт.