Blog Image

КМУда "XXI кылымдын актуалдуу маселелерин чечүүдө жаштардын илимий-педагогикалык потенциалы" аталышында конференция өттү

7-март күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунда педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Туйгун Бектуров, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Зарина Жакыпова тарабынан уюштурулган "XXI кылымдын актуалдуу маселелерин чечүүдө жаштардын илимий-педагогикалык потенциалы" аталышында студенттердин илимий-практикалык конференциясы өттү. Конференция Красноярск Агрардык университети менен биргеликте онлайн байланыш аркылуу уюштурулуп, И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун директорунун орун басары Кайыргүл Арыпбекова, магистратура бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзадаирова, педагогика кафедрасынын доценттери Саадат Иманкулова, Жаркын Бузурманкулова жана башкалар сөз сүйлөштү.

Алар XXI кылымдын педагогикасынын актуалдуу проблемаларына арналган конференцияда билим берүүдөгү инновациянын маанисин баса белгилеп, санариптештирүү, ааламдашуу жана окутуу стилдеринин көп түрдүүлүгү жана тарбиялоонун натыйжалуу ыкмаларын талкуулашты. Конференциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды жана мыкты доклад жасаган студенттерге сертификаттар тапшырылды.