Blog Image

КМУда "XXI кылымдын актуалдуу маселелерин чечүүдө жаштардын илимий-педагогикалык потенциалы" аталышында конференция өттү

7-март күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунда педагогика илимдеринин кандидаты Туйгун Бектуров жана педагогика илимдеринин кандидаты Зарина Жакыпова тарабынан уюштурулган "XXI кылымдын актуалдуу маселелерин чечүүдө жаштардын илимий-педагогикалык потенциалы" аталышында конференция өттү. Конференция Красноярск Агрардык университети менен биргеликте уюштурулуп, онлайн байланыш аркылуу ишке ашты. Иш-чарага Педагогика жана психология институтунан директорунун орун басары Кайыргүл Арыпбекова, магистратура бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзадаирова, педагогика кафедрасынын доценттери Саадат Иманкулова, Жаркын Бузурманкулова жана студенттер катышты.

Конференциянын жүрүшүндө билим берүүдөгү инновациянын мааниси баса белгиленип, санариптештирүү, ааламдашуу жана окутуу стилдеринин көп түрдүүлүгү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле тарбиялоонун натыйжалуу ыкмаларын талкуулап, окутуу практикасын үзгүлтүксүз өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти. Конференциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды жана мыкты доклад жасаган студенттерге сертификаттар тапшырылды.