Blog Image

КМУда япон көркөм тасмалары көрсөтүлдү

Бүгүн, 27-сентябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде япон көркөм тасмалары көрсөтүлдү.

Иш-чарага Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин экинчи катчысы Акира Санно мырза, КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер япон маданияты, жашоо образы жана кино искусствосу менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Иш-чара Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулду.

Позвонить