Blog Image

КМУда “Япон маданияты жана анын заманбаптуулугу” аталышындагы сынак өткөрүлдү 

И.Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институтунда “Япон маданияты жана анын заманбаптуулугу” аталышындагы сынак өткөрүлдү. Сынакта “Социалдык тейлөө”, “Социалдык иш” кесибинин студенттери чай салтанаты жана кагаздардан ар турдуу оригаминин түрлөрун, кимоно кийгизүү маданиятын жана өз өнөрлөрүн көрсөтүп Япониянын заманбап жана улуттук ырларын жана бийлерин тартуулашты.
“Коомдук тамак-аш азыктарынын технологиясы” кесибинин студенттери япон элинин тамак жасоо мастер-классын көрсөтүп жана көрүүчүлөргө өз колдорунан жасалган тамак-аштарын тартуулашты.