Blog Image

КМУда Япон тасмаларынын көргөзмөсү өттү

28-сентябрь күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына арналган япон тасмаларынын көргөзмөсү өттү.

Иш-чара Японтаануу институтунун студенттери үчүн Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулду.

Көргөзмөдө япон тасмалары орус тилиндеги субтитрлер менен япон тилинде көрсөтүлүп, студенттердин тилди өздөштүрүүсүнө чоң салым кошту.

Япон тасмаларынын көргөзмөсү Японтаануу институту тарабынан уюштурулду.