КМУда Япониядан келген ыктыярчы Канаэ Сато сабак өттү
Бүгүн, 17-декабрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Япониядан келген ыктыярчы Канаэ Сато тарабынан уюштурулган атайын иш-чара өттү.
Иш-чарага Токио шаарындагы Токио чет тилдер университети жана Кобэ чет тилдер университетинин орус тили багытында окуган беш студенти жана Японтаануу институтунун студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө тил көндүмдөрүнүн өнүгүүсү жана эки өлкөнүн каада-салттары талкууланды. Интерактивдүү диалогдордун жана практикалык көнүгүүлөрдүн негизинде студенттер бири-биринин тилин жана маданиятын жакшы түшүнө алышты. Мындай сабактар академиялык жана достук байланыштарды чыңдоого шарт түзөт.