Blog Image

КМУда япониялык Хирой Кёносуке IT тармагы боюнча волонтерлукту аркалайт

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору У.Т.Керимов, СТАРТАП жетекчиси Э. Руслан уулу Япония Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (JICA) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн волонтерлор боюнча координатору Нагасе Хикару, волонтер Хирой Кёносукени менен жолугушту. Анда аталган институттун IT тармагы боюнча волонтер Хирой Кёносукеге жумуш орду менен тааныштырышты. Белгилей кетсек, бул  иш университет менен Япония Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (JICA) эл аралык түзүлгөн келишиминин аркасында ишке ашты.