Blog Image

КМУда Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин өкүлдөрү иш сапар менен келди

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргыз Республикасы жана Казакстан боюнча туруктуу өкүлү Котаро Нисигата жана ыктыярчылар боюнча координатор Хикару Нагасэ иш сапар менен келди.

Жолугушууга КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова жана Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптык кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Жолугушуунун негизги максаты: университеттин ишмердүүлүгү менен таанышуу жана JICAнын ыктыярчысы Канаэ Сато айымдын соңку эки жылдагы эмгегин жыйынтыктоо.

JICAнын ыктыярчысы Канаэ Сато айымдын Япон таануу институтунда активдүү иш алып барып, университеттин эл аралык байланыштарын бекемдөөгө чоң салым кошту.