Blog Image

КМУда Япониянын маданият күнү белгиленди

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институтунда Япониянын маданият күнү белгиленди. Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Япониядагы Кыргызстандын экс-элчиси Рысбек Молдогазиев жана окуу жайдын студенттери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө КМУнун ректору Айгүл Абдраева кыргыз-япон кызматташтыгы жөнүндө, кыргыздардын менен япондордун менталитеттеринин окшоштугуна токтолуп, мындан кийин дагы кызматташтыктын бекемделишине ишенээрин билдирди. Иш-чара япон маданиятын тааныштыруу жана жайылтуу максатында уюштурулуп, маданият кызматкерлери чакан концерттик программа тартуулашты.