КМУда Япониянын “Рёбун” мейманканасынын шеф-ашпозчусу Сайто Коичи ыктыярдуу ишмердүүлүгүн жүргүзөт
23-январь күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институтуна ыктыярчы катары Япониянын Ребун аралынын “Рёбун” мейманканасынын шеф-ашпозчусу Сайто Коичи келди.
Негизги кесиби боюнча Сайто Коичи француз жана япон ашканасынын ашпозчусу.
Сайто Коичи ыктыярдуу ишмердүүлүгүн И. Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институтунда февраль-май айлары аралыгында алып барат. Ыктыярчы Японтаануу институтунун Коомдук тамак-аш азыктарынын технологиясы кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери менен жолугушуусунда өзүнүн бай тажрыйбасы менен тааныштырып, япон ашканасынын өзгөчөлүктөрүн үйрөтүүнү пландаштырып жаткандыгын билдирди.