Blog Image

КМУда ыктыярчы Жанг Тинг "Кытай тилиндеги диалекттер" аталышында семинар өттү

Бүгүн, 28-март күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-Кытай факультетинде ыктыярчы Жанг Тинг 3-курстун студенттерине "Кытай тилиндеги диалекттер" аталышында семинар өттү.

Семинардык сабакка Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессордук окутуучулар курамы жана факультеттин студенттери катышты.

Семинардын жүрүшүндө кытай тилиндеги кызыктуу диалекттер, алардын айырмачылыктары жана колдонулуштары жөнүндө айтылып, студенттерди кытай тилине кызыгуусун арттырды.

Иш-чара КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-Кытай факультети тарабынан уюштурулду.