КМУда ыктыярчысы Т.Мицубоши япон тилинин окутуу методикасын жакшыртууга жана окутууда жаңы инновациялык ыкмаларды колдонууну үйрөтөт
Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институтунда бир нече жылдан бери япон ыктыярчылар эмгектенип келишет. Ыктыярчылардын ишмердүүлүгү студенттер менен бирге япон тили окутуучуларынын профессионалдык өсүүшүнө чоң жардам көрсөтөт. Быйылкы окуу жылында ыктыярчы Тенко Мицубоши, университеттин 80-жылдыгына арнап иштеп чыккан тренинг-семинарын өтуп баштады. Бул семинарга башка ЖОЖдордун да япон тили окутуучулары катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Семинар япон тилинин окутуу методикасын жакшыртууга жана окутууда жаңы инновациялык ыкмаларды колдонууну үйрөтөт. Биринчи семинар у.ж. 28-сентябрында өттү. Бул иш-чарага Ж.Баласагын атындагы КУУнун жана Кыргызстандагы эл аралык университетинин окутуучулары катышты. Семинар жыл ичинде өткөрүлүүсү пландаштырылууда.