КМУда ыктыярдуу сабактар уланууда
И.Арабаев атындагы КМУнун 1-2 курстарынын арасында ыктыярдуу сабактар уланып жатат. КМУнун Орус филологиясы факультетинин, Орус тилинин практикалык курсу кафедрасынын окутуучулары Гульнура Дооранова «Каада-салттар жана майрамдар», Милена Кариева «Кыргызстанда орус тилин үйрөнүү” аталышында ыктыярдуу сабактарды өттү.