Blog Image

КМУда «Жаш программист» аттуу конкурс өтүүдө

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маатыматтык технологиялар институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн студенттери арасында «Жаш программист» аттуу конкурс өтүүдө. Ага Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери катышууда. Сынак маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагында жөндөмдүү студенттерди аныктоого жана колдоого, чыгармачылык активдүүлүгүн стимулдаштырууга жана кесипке багыт берүүгө багытталган.