Blog Image

КМУда «Заманбап билим берүү: компетенттүүлүк жана кесипкөйлүк» аталышында илимий-практикалык конференция өттү

Бүгүн, 26-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинде «Заманбап билим берүү: компетенттүүлүк жана кесипкөйлүк» аталышында илимий-практикалык конференция өттү.

Иш-чарага КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин деканы Кадыралы Артыков жана профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө искусство багыты боюнча терең билим берүү, чыгармачылык иштерди өркүндөтүүдө заманбап билим берүүнүн ыкмаларын колдонуу тууралуу баяндамалар жасалды.

Иш-чаранын жыйынтыгында окутуучуларга Искусство жана дизайн факультетинин деканы Кадыралы Артыков ыраазычылык каттарды тапшырды.