Blog Image

КМУда "Заманбап чакырыктардын контекстинде кыргыздын дүйнө таанымы жана мамлекеттүүлүгү" аталышында конок-лекция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын төрагасынын орун басары Шаазадан Түмөнбаев "Заманбап чакырыктардын контекстинде кыргыздын дүйнө таанымы жана мамлекеттүүлүгү" аталышында конок-лекция өттү.

Иш-чара чет тилдер декадасынын алкагында уюштурулуп, ага КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун студенттери катышты.

Лекциянын жүрүшүндө Шаазадан Түмөнбаев заманбап чакырыктарга жооп катары кыргыздын дүйнө таанымы, мамлекеттүүлүк концепциясы жана өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Иш-чаранын максаты: студенттерге кыргыз тарыхы, маданияты жана мамлекеттүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрүн кеңири түшүндүрүү менен, заманбап дүйнөдөгү орду жана өнүгүү жолдорун ачыктоо.

Иш-чара КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Фундаменталдык жана прикладдык лингвистика кафедрасы тарабынан уюштурулду.