Blog Image

КМУда «Заманбап педагогдордун ишин уюштуруудагы жогорку окуу жай менен мектептин байланышы» аталышындагы кереге кеңеш өтүүдө

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Заманбап педагогдордун ишин уюштуруудагы жогорку окуу жай менен мектептин байланышы» аталышындагы кереге кеңеш өтүп жатат. Кереге кеңешке Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору Кыялбек Акматов, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Рахат Мусаева, Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун  ректору Айгүл Абдраева, окуу жайдын курам жетекчилери,  Бишкектеги 20дан ашуун мектептин директорлору жана онлайн бардык райондордун өкүлдөрү катышууда.