КМУда “Заманбап сабак өтүүнүн ыкмалары” аталышында конок-лекция өттү
31-январда И. Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун окутуучуларына жана 4-курсунун студенттерине Ж. Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык колледжинен келген тренер-ментор Жаңыл Нуруева “Заманбап сабак өтүүнүн ыкмалары” аталышында конок-лекция өттү. Конок-лекцияга КМУнун Окуу башкармалыгынын башчысы Равшан Зайниев катышты. Лекциянын жүрүшү практикалык оюндар менен коштолуп, катышуучулар топ-топко бөлүнүп, заманбап методдор менен практика жүзүндө иш алып барышты.