КМУда заманбап технопарктын курулушуна капсула салуу аземи өттү
КМУда заманбап технопарктын курулушуна капсула салуу аземи өттү
Бүгүн, 9-октябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгына карата Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун үч кабаттуу, заманбап окуу имаратынын (технопарк) курулушуна капсула салуу аземи өттү.
Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Административдик – чарба иштери боюнча проректору Бакбур Исаев, профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Жаңы имарат университеттин 1-окуу корпусунун жанында курулат. Бул технопарк билим берүү, илим жана технологияны айкалыштырган инновациялык платформа болуп, студенттерге, окутуучуларга жана изилдөөчүлөргө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Технопарктын ачылышы КМУнун заман талабына ылайык өнүгүүсүнө жана өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын чыңдоого шарт түзөт.