КМУда «Замандын талабы болгон кыргыз тилдүү жасалма интеллект программалары” аталышында семинар өттү
И.Арабаев атындагы КМУнун Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын ага окутуучусу Алина Кытыкенова «Замандын талабы болгон кыргыз тилдүү жасалма интеллект программалары” аталышында семинар өткөрдү. Семинарга кафедранын окутуучулары, магистранттар жана студенттер катышты.
Иш-чарада 3 платформа тууралуу кеңири маалымат берилди. Алар,
- кыргыз тилинде сүйлөп, жазып, ой жүгүрткөн akylai (beta түрүндөгү) платформасы;
- кыргыз тилин камтыган текст түзө алган, тилдерди которо алган, код жаза алган жана суроолорго жооп берип, сценарийлерди түзө алган ChatGPT-4;
- тексттик сүрөттөмөлөрдү реалдуу сүрөттөргө айландырган, сүрөттөрдүн стилдерин, иллюстрацияларды түзө алган getimg.ai платформасы.
Семинарда катышуучулар уюлдук телефондору аркылуу тексттик сүрөттөмөлөрдү реалдуу сүрөттөргө айландыра алган getimg.ai платформасы менен иш алып барып, кеңири тааныша алышты.