Blog Image

КМУда “Замандын талабында чет тилинин орду жана мааниси” аталышында тегерек стол өттү

Бүгүн, 4-март күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына карата “Замандын талабында чет тилинин орду жана мааниси” аталышында тегерек стол өттү.

Иш-чарада И. Арабаев атындагы КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору, п.и.д., профессор Айгүл Чалданбаева актуалдуу тема боюнча өтүп жаткан тегерек столдун катышуучуларына ийгиликтерди каалап кетти.

Тегерек столдун максаты: заманбап дүйнөдө чет тилдеринин орду жана анын маңызын эске алуу менен билим берүү тармагындагы адистерди чет тилинин маанисин арттырууга, анын коомдогу ролун терең түшүнүүгө чакыруу.

Иш-чаранын коноктору баяндамалары менен бөлүштү: Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин маданий борборунун өкүлү, PhD Абузар Тогани – “Чет тилдеринин глобалдашкан дүйнөдөгү ролу”, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетиндеги Конфуций институтунун директору, доцент Ду Хуа, Ш.Кадырова атындагы ДТЭМИнин Корей бөлүмүнүн башчысы Сон Донг Веон – “Билим берүү системасында чет тилдеринин окутулушу”, эл аралык “Council of International Fellowship Kyrgyzstan” уюмунун президенти А.Т.Илиязова, “Асанабиль” эл аралык фондунун директору М.Абделкарим жана эл аралык ЖЧК “NICE KG” уюмунун аткаруучу директору М.Э.Эркинбекова – “Чет тилдери жана карьералык мүмкүнчүлүктөр”.

Иш-чарага Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору, п.и.д. профессор Н.К.Сартбекова, институттун кафедраларынын башчылары билим берүүдөгү чет тилдеринин негизги ролу тууралуу ой-пикирлери менен бөлүштү.

Тегерек столдун жыйынтыгында Чет тилдери орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн студенттери менен баяндамачылар ортосунда суроо-жооптор аркылуу кызыктуу талкуу болду.

Иш-чара Ш.Кадырова атындагы ДТЭМИнин Чет тилдери орто кесиптик билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган.