КМУда “Жөндөмөлөр категориясы” аталышында лекция өттү
Бүгүн, 21-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана маданият институтунун кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын доценти Динара Алтаева “Жөндөмөлөр категориясы” аталышында лекция өттү.
Иш-чара предметтик жумалыктын алкагында уюштурулуп, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Лекциянын жүрүшүндө кыргыз тилиндеги жөндөмө категориясы жана жөндөлүштүн турлөрү, жөндөмө мүчөлөрү, алардын өзгөргөн варианттары, байыркы жөндөмөлөр менен азыркы кыргыз тилиндеги жөндөмөлөрдүн байланышы, жөндөлүштүн типтери жана аларга берген окумуштуулардын көз караштары тууралуу маалыматтар берилди.
Иш-чара КМУнун мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду.