Blog Image

КМУда жаңы кафедра башчылары дайындалды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун профессор Т.Ахматов атындагы кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу кызматына ф.и.к., доцент Нурида Касымбекова, Манас таануу кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу кызматына ф.и.к., доцент Бакытжан Мырзатаева дайындалды.

Мамлекеттик тил жана маданият институтунун профессордук-окутуучулар курамына кафедра башчылыгына жаңы дайындоолор боюнча КМУнун ректорунун тиешелүү буйругу менен окуу жайдын Окуу башкармалыгынын начальниги Эдил Амантур уулу тааныштырды.

И.Арабаев атындагы КМУнун профессордук-окутуучулар курамы Нурида Жумагуловна, Бакытжан Султанмуратовна бекем ден соолук жана иштерине ийгиликтерди каалайт.

Позвонить