Blog Image

КМУда “Жаңы муунга билим берүү” долбоорунун ачылышы жана англис тили мугалимдеринин улуттук олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү

15-февраль күнү И.Арабаев атындагы КМУда “Жаңы муунга билим берүү” долбоорунун расмий ачылыш аземи болуп өттү. Аталган долбоор англис тилин билүү деңгээлин жогорулатууга жана STEM билим берүүнү өнүктүрүү үчүн инновациялык окутуу ыкмаларын колдонууга багытталган.

Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 1200дөн ашык англис тили мугалимдери у.ж. февраль- декабрь айлар аралыгында англис тилин жана заманбап окутуу ыкмаларын колдонууну өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Иш-чарага онлайн режиминде аймактардан 400гө жакын катышуучу жана Бишкектен 70ке жакын мугалим катышты.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин маданият жана билим берүү кеңешчиси Джефф Бантинг катышып, долбоордун катышуучуларын куттуктап, STEM билим берүүнү өнүктүрүү жана англис тили мугалимдеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн долбоордун маанисин баса белгиледи.

Иш-чарада И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Билим берүү министрлигине жана АКШ элчилигине мугалимдердин профессионалдык жактан өсүүсүнө түрткү берген долбоорлорго колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, билим берүү уюмдарынын потенциалын чыңдоо боюнча жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

«Лингва» инновациялык билим берүү коомдук фондунун директору Г.Назарбекова англис тили мугалимдерине ийгиликтерди каалап кетти. Республикалык квалификацияны жогорулатуу институтунун директорунун орун басары Нурбек Жоошбаев “Жаңы муунга билим берүү” долбоору студенттерди азыркы замандын талабына жараша даярдоого ийгиликтүү кадам болот деген ишенимин билдирди.

Аталган иш-чарада мектептердин англис тили мугалимдеринин улуттук олимпиадасында 3 байгелүү орунга ээ болгон жеңүүчүлөр сыйланды. Алар, Бишкек шаарынан Аида Ибраимова, Ош шаарынан Айнура Умуралиева жана Баткен шаарынан Мазри Аразмедова. Жеңүүчүлөргө баалуу белектерди жана сертификаттарды АКШ элчилигинин маданият жана билим берүү кеңешчиси Джефф Бантинг жана Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев тапшырды.