КМУда жаңы окуу жылына карата даярдыктар талкууланды
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева 2025–2026-окуу жылына карата курам жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө билим берүү сапатын жогорулатуу, илимий-изилдөө иштерин өркүндөтүү, тарбиялык багыттагы иш-чараларды күчөтүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды. Ошондой эле, санариптештирүү процессин илгерилетүү, илим менен практиканы айкалыштыруу, студенттик демилгелерди колдоо жана университеттин эл аралык деңгээлдеги атаандаштык жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча милдеттер белгиленди.
Ректор Айгүл Абдраева сапаттуу билим берүү, окутуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу жана заманбап технологияларды кеңири колдонуу университеттин негизги багыттары экенин өзгөчө баса белгиледи.