Blog Image

КМУда “Жакшы окуп, жакшы жүрүшүм – коомго кошкон үлүшүм” аталышында тарбиялык саат өттү

5-март күнү профессор М.М. Ботбаева атындагы Биоартүрдүүлүк кафедрасынын доценти У. Сапарбаева “Жакшы окуп, жакшы жүрүшүм – коомго кошкон үлүшүм” аталышындагы ачык тарбиялык саат өттү. Тарбиялык саатка кафедранын башчысы доцент С. Кендирбаева, кафедранын окутуучулары доцент А. Абдыкапарова, ага окутуучу А Акжолтоева, Т. Нурманбетова жана башкалар катышты. Ачык тарбиялык сабакта жүрүм-турум, этикет, маданияттуулук жана учурдагы көйгөйлүү маселелер ортого салынып, мурдагы жана азыркы урунттуу жүрүм-турум абалдары жөнүндө окутуучулар менен студенттердин ортосунда эркин пикир алмашуу болду. Ошондой эле суроо-жооп иретинде талкуу жүрүп, кеңештер айтылды.