КМУда жалпы курамдардын практика боюнча чогулушу өттү
20-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы КМУда жалпы курамдардын практика боюнча чогулушу өттү. Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректор Равшан Зайниев, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректор Айгүл Чалданбаева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректор Жайна Садыкбек кызы, окуу жайдын Окуу башкармалыгы, курам жетекчилер, практика жетекчилери катышты.
Иш-чарада практиканы өнүктүрүү, практиканттар менен методисттердин байланышын чыңдоо, көзөмөлдү күчөтүү, техникалык коопсуздук маселелерин алдын алуу сыяктуу түшүндүрмөлөр каралды.