КМУда “Жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо прокуратуранын ролу жана орду” аталышында интерактивдик лекция өттү
23-октябрь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Бишкек шаарынын Биринчи май районунун прокуратурасынын кызматкерлери Адилет Авай уулу, Аслан Назырынбеков жана Азис Байсакалов Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын 100 жылдык мааракесине арналган “Жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо прокуратуранын ролу жана орду” аталышында интерактивдик лекция өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз прокуратурасынын тарыхы, прокуратура ишинин укуктук негизи, Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын системасы, прокурордук көзөмөлдүн мааниси жана анын жарандардын укуктарын коргоодогу орду тууралуу кеңири маалымат берилди.