КМУда “Жасалма интеллект аркылуу окуу материалдарын визуалдаштыруу жолдору” аталышында конок-лекция өттү
Бүгүн, 5-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Казакстан Республикасынын SDU университетинин педагогика жана гуманитардык илимдер факультетинин тилдик билим берүү кафедрасынын PhD доктору Гүлжайна Нурманова "Жасалма интеллект аркылуу окуу материалдарын визуалдаштыруу жолдору" аталышында конок-лекция өттү.
Иш-чара КМУнун М.Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту жана Казакстан Республикасынын SDU университети менен түзүлгөн меморандумдун алкагында уюштурулуп, КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жасалма интеллекттин билим берүү тармагындагы колдонулушу жана окуу материалдарын визуалдаштыруу жолдору тууралуу кеңири маалымат берилди.
Иш-чара КМУнун М.Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту тарабынан уюштурулду.