Blog Image

КМУда “Жасалма интеллекттеги этика: ЖИ моралдык милдети болушу мүмкүнбү?” аталышында студенттик дебат өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун жана Орус филологиясы факультетинин студенттеринин арасында “Жасалма интеллекттеги этика: ЖИ моралдык милдети болушу мүмкүнбү?” аталышында студенттик дебат өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө этика, технология жана жасалма интеллект тууралуу билимин көрсөтүүгө, аргументтерин иштеп чыгып, эл алдында сүйлөө жана сынчыл ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Дебаттын форматы боюнча катышуучулар эки командага бөлүнүп, өз жүйөөсүн жарыялап жана каршылаштарынын суроолоруна жооп беришти. Калыстар тобу катышуучулардын баяндамаларын логикалык жана терең талдоо критерийлерине ылайык баалашты.

Иш-чаранын натыйжасында, мыкты командага жана катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, коомдук дебаттарга катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чара Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун философия жана гуманитардык дисциплиналар кафедрасы тарабынан уюштурулду.