Blog Image

КМУда “Жаш психологдордун дискуссия клубу” аталышындагы иш-чара өттү 

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун Психология бөлүмүнүн доценти, психология илимдеринин кандидаты Турдумамат Качикеев  жана доцент Талантбек Мурзаевдер “Жаш психологдордун дискуссия клубу” аталышындагы иш-чара өткөрүштү. Иш-чарага Психология бөлүмүнүн 2-курсунун студенттери активдүү катышып, “Инсандын социалдашуусу” аталышындагы актуалдуу болуп жаткан теманын алкагында долбоорлорду талкуулашты. Аталган бөлүмдүн студенттери Чолпон Ишаева - "Жүрүм-турум маданияты", Эркеайым Эсенбекова - "Транзак талдоо", Бегайым Шайбек кызы - "Инсан психологиясы", Айжан Мусакеева - "Инсандын социалдашуусу" деген темаларда мыкты дискуссия жүргүзүштү.