КМУда жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча конок-лекциясы өттү
Бүгүн, 26-сентябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КРнын Ички иштер министрлигинин майору Акылбек Джоорбаев жана капитан Наркул уулу Бектур “Баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү жана жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу” аталышында конок-лекциясын өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө, студенттерге баңгизаттардын жана психотроптук заттардын зыяны, алардын мыйзамсыз жүгүртүүсү жана жаштар арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча чаралар тууралуу кенен маалымат берилди.
Бул иш-чара жаштарды укуктук сабаттуулукка чакыруу жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту тарабынан уюштурулду.