Blog Image

КМУда «Жаштардын адам укуктарын илгерилетүүдөгү ролу» аталышында конференция өтүүдө

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Жаштардын адам укуктарын илгерилетүүдөгү ролу» аталышында жогорку окуу жайлар арасында студенттик илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Чынгыз Айдарбеков, Марлен Маматалиев, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышууда.

Конференциянын максаты: жаштардын адам укуктарын коргоо жана илгерилетүү боюнча активдүү катышуусун колдоо, укуктук аң-сезимди жана маданиятты өнүктүрүү, ошондой эле, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаштардын заманбап демократиялык процесстердеги ролу, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо механизмдери, гендердик теңчилик, ой-пикир билдирүү эркиндиги, ошондой эле, дискриминация жана теңсиздик маселелери боюнча илимий баяндамалар жана аналитикалык материалдар сунушталууда.

Иш-чара КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту тарабынан уюштурулду.