Blog Image

КМУда «Жаштардын адам укуктарын илгерилетүүдөгү ролу» аталышында конференция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Жаштардын адам укуктарын илгерилетүүдөгү ролу» аталышында жогорку окуу жайлар арасында студенттик илимий-практикалык конференция өттү.

Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Марлен Маматалиев, Чынгыз Айдарбеков, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМ академиясынын Кылмыш-жаза укугу кафедрасынын профессору, юридика илимдеринин кандидаты, доцент Махабат Кенжебек кызы профессор, “Правовое положение осужденных в местах лишения свободы”, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулары Светлана Сотовалдиева “Взаимосвязь уровня образования и преступлений против половой неприкосновенности личности, защищённых конституционным законодательством Кыргызской республики”, Гүлназ Абасканова “Права свободы и обязанности человека и гражданина. Общие принципы по конституционному праву”, Жумаида Жунусова “Саясий укуктар”, Эльвира Каныбекова “Экономика жана социалдык укуктар”, Жаныл Ырысбекова “Роль дипломатии о обеспечения прав мигрантов”, Жаркынай Исманова “Роль международного права о решении конфликтов”, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окутуучулары Диана Муратбек кызы “Ислам дининдеги адам укуктары”, Айназик Бабанова “Искусственный интеллект и право: может ли алгоритм нести юридическую ответственность” К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин окутуучулары Жибек Таштанбекова “Негативное воздействие коррупции на реализацию прав человека в Кыргызстане”, Айдана Бегаалы кызы “Права человека постконфликтных ситуациях”, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучулары Гульназ Касенова “Эл аралык укук жана улуттук мыйзамдарда улгайган жарандардын абсолюттук укуктарын жана эркиндиктерин укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү”, Нурайым Сабыралиева “Улгайган адамдардын укуктук макамы”, Айчолпон Кемелбекова Карылар үчүн ылайыктуу жашоо шарты: адам укуктарынын контекстинде", Азиретхан Ормошбеков Кыргыз Республикасындагы улгайган адамдарга камкордук коруу көйгөйлөрү аталышында доклад жасашты.

Конференциянын максаты: жаштардын адам укуктарын коргоо жана илгерилетүү боюнча активдүү катышуусун колдоо, укуктук аң-сезимди жана маданиятты өнүктүрүү, ошондой эле, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо.

Иш-чара КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту тарабынан уюштурулду.