Blog Image

КМУда “Жаштардын жана жарандардын арасында пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу” аталышында конок-лекция өттү

Бүгүн, 11-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КРнын Социалдык фондунун "Окуу борбору" мекемесинин башкы адиси Э.А. Оморова, жетектөөчү адистери Б.А. Сарымсакова жана Канат Мырзабек уулу “Жаштардын жана жарандардын арасында пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу” аталышында конок-лекция өттү.

Иш-чарага КМУнун Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Жалпы тарых жана эл аралык мамилелер кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Конок-лекциянын жүрүшүндө социалдык фонддун түзүмү, пенсияга чыгуу эрежелери жана пенсия системасындагы реформалар тууралуу кенен маалымат берилди.

Иш-чаранын максаты: жаштардын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу, аларга пенсия системасынын негиздерин, анын түрлөрүн жана тиешелүү документтерди түшүндүрүү.

Иш-чара КМУнун Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Жалпы тарых жана эл аралык мамилелер кафедрасы тарабынан уюштурулду.