Blog Image

КМУда “Жашыл аалам” аталышында иш-чара өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Жашыл аалам” аталышында иш-чара өттү.

Иш-чарага КМУнун жаңы маалыматтык технологиялар институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө экологиялык көйгөйлөр, анын ичинде абанын булганышы, таштандылардын көбөйүшү, суу ресурстарынын булганышы боюнча талкуулар өткөрүлүп, табиятты сүйүүгө, аны сактоого чакырган видеороликтер жана презентациялар көрсөтүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты: студенттерге экология, анын бузулушунун себептери тууралуу түшүнүк берүү, жаратылышты коргоонун маанисин жеткирүү жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого үндөө.

Позвонить