Blog Image

КМУда “Жашыл экономика” аттуу тренинг-семинар өтүүдө

Бүгүн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Жашыл экономика” аталышындагы тренинг-семинар башталды. Ага Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева катышып, аталган теманын бүгүнкү күндөгү актуалдуулугун баса белгилеп, катышуучуларга ийгиликтерди каалады. Семинар окуу жайдын Табигый илимдер жана туризм институтунун Жашыл технологиялар жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу башкаруу борбору менен Германиялык AFC консалтинг компаниясы тарабынан уюштурулууда. Бул иш-чараны Кыргыз Республикасында жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү GIZ программасы колдоп жатат. 12-январга чейин созулган тренинг-семинарга республикадагы 17 университеттен 34 окутуучу катышууда.