Blog Image

КМУда "Жашыл экономиканы өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу жана мүмкүнчүлүктөрү" аталышында тренинг өтүүдө

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун «Жашыл технологиялар жана ресурстарды башкаруу» борборунда “Жашыл экономиканы өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу жана мүмкүнчүлүктөрү” аталышында тренинг өтүүдө.

Тренингге Өнүктүрүү саясаты институтунун өкүлдөрү, Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу академиясынын эксперттери, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын окутуучулары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чаранын негизги максаты: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жашыл экономиканын концепциясын жана анын практикалык маанисин түшүндүрүү менен алардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу.

Иш-чара “Кыргыз Республикасынын жеке секторлорунда жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы” аркылуу Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC), Европа Биримдиги (EU) жана Германиянын Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Федералдык Министрлиги (BMZ) тарабынан каржыланууда.

Бул иш-чара «Жашыл технологиялар жана ресурстарды башкаруу» борбору, “Кыргыз Республикасынын жеке секторлорунда жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы” (GIZ), Бишкектеги Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Программалык кеңсеси жана GOPA AFC консалтинг компаниясы тарабынан уюштурулду.

Позвонить