Blog Image

КМУда "Жашыл экономиканы өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу жана мүмкүнчүлүктөрү" аталышында тренинг жыйынтыкталды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун «Жашыл технологиялар жана ресурстарды башкаруу» борборунда “Жашыл экономиканы өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу жана мүмкүнчүлүктөрү” аталышында тренинг жыйынтыкталды.

Тренингге Өнүктүрүү саясаты институтунун өкүлдөрү, Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу академиясынын эксперттери, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын окутуучулары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Тренингдин максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу, жергиликтүү экономика, жамааттарды өнүктүрүү жаатында жашыл экономика жана жеке сектор менен өнөктөштүк үчүн шарттарды түзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жогорулатуу.

Иш-чара “Кыргыз Республикасынын жеке секторлорунда жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы” аркылуу Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC), Европа Биримдиги (EU) жана Германиянын Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Федералдык Министрлиги (BMZ) тарабынан каржыланган.

Бул иш-чара «Жашыл технологиялар жана ресурстарды башкаруу» борбору, “Кыргыз Республикасынын жеке секторлорунда жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы” (GIZ), Бишкектеги Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Программалык кеңсеси жана GOPA AFC консалтинг компаниясы тарабынан уюштурулду.