Blog Image

КМУда “Жашыл экономиканын негиздери – климаттын жылышына тийгизген таасири” аталышында конок-лекция өттү

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Жашыл экономиканын негиздери – климаттын жылышына тийгизген таасири” аталышында конок-лекция өттү.

Лектор – К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасынын профессору, а-ч.и.д. Абдыбек Асаналиев Кыргызстанда айыл чарба тармагынын мааниси, айыл чарбасынан чыккан парник газдарынын эмиссиялары, мал чарбасы жана жашыл чечимдер, жайыттарды башкаруу, дыйканчылык жана “Жашыл чечимдер” тууралуу берген маалыматтары аудиторияда кызыгууларды жаратты жана суроолор берилип, талкуу уюштурулду.

Конок-лекция КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун профессор М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасы тарабынан уюштурулду.