КМУда “Жеке инсандын өзүн таануусунун жашоодогу мааниси“ аталышында конок-лекция өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз масмлекеттик университетинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ага окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты, психолог Кадиян Бообекова “Жеке инсандын өзүн таануусунун жашоодогу мааниси“ аталышында конок-лекция өттү.
Иш-чарага КМУнун Педагогика жана психология институтунун студенттери катышып, өзүн таанууга байланыштуу ар түрдүү психологиялык ыкмалар, практикалык тапшырмалар жана тесттерден өтүштү. Ошондой эле, инсандык өнүгүүнүн негизи болгон ички дүйнөнү түшүнүү, өзүн баалоо жана кабыл алуу боюнча маанилүү маалыматтарды берилди.
Иш-чара КМУнун Педагогика жана психология институтунун мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулду.