КМУда «Жети атаны билүү эмне үчүн парз? Кыргыздардын таза кандуулук үчүн кам көрүшү» аталышында конок-лекция өттү
Бүгүн, 24-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Экономика жана менеджмент институтунда филология илимдеринин кандидаты, доцент Нурида Касымбекова «Жети атаны билүү эмне үчүн парз? Кыргыздардын таза кандуулук үчүн кам көрүшү» аталышында конок-лекция өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгу жолунун алкагында уюштурулуп, Экономика жана менеджмент институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Конок-лекциянын жүрүшүндө жети атанын кыргыз коомундагы мааниси, бул түшүнүктүн тарыхый, маданий жана руханий баалуулугу тууралуу маалымат берилди.
Иш-чаранын негизги максаты: студенттердин улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун ойготуу, жети ата сыяктуу маданий мурастарды терең түшүнүүгө өбөлгө түзүү.
Иш-чара КМУнун Экономика жана менеджмент институту тарабынан уюштурулду.