ЖМТИнин орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн 2-курсунун өндүрүштүк практика боюнча отчеттук конференциясы өттү
И.Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн 2-курсунун өндүрүштүк практика боюнча отчеттук конференциясы болуп өттү. Конференцияга жумуш берүүчү «Мелон Про» ЖЧК менеджери Кубанычбек уулу Жоламан, ЖМТИнин директору У.Керимов, институттун практика жетекчиси А. Бузурманкулова, Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн практика жетекчиси Н.Осмонова жана практика жетекчилери катышты. Өндүрүштүк практиканы студенттер КРнын Жогорку сотунун Сот департаментине караштуу «Адилет» МТМда, «Мелон Про» ЖЧКда, Ат-Башы ГЭСде, №98 байланыш жана маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинде, «Капитал+» микрокредиттик мекемесинде, «Коммерциялык банк Кыргызстан» ААКда, «ДОСкредо банк» ААКда, Мурас спорт ЖЧК жана башка мекемелерде практикасын өтөп келишти.