Blog Image

ЖМТИнин орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн 3-курсунун өндүрүштүк практика боюнча отчеттук конференциясы өттү 

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн 3-курсунун өндүрүштүк практика боюнча отчеттук конференциясы өттү. Иш-чарага окуу жайдын практика жетекчиси Н. Баястанов, ЖМТИнин директору У.Керимов, институттун практика жетекчиси А.Бузурманкулова жана орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн практика жетекчиси Н. Осмонова катышты.  Өндүрүштүк практиканы студенттер Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт департаментине караштуу жүргүнчүлөрдү ташуу муниципалдык ишканасында, “БЭЛ-Электрик” ЖЧКда, “Мелон Про” ЖЧКда, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК филиалы Бишкек электр тармактар ишканасында жана “Нур-Телекомуна” ЖЧКда, ошондой эле, КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгында практикасын өтөп келишти.