Blog Image

КМУда “Жогорку окуу жайларда философиялык дисциплиналарды окутуудагы көйгөйлөр” аталышында иш-чара өз ишин баштады

Бүгүн, 20-ноябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Бүткүл дүйнөлүк философия күнүнө карата “Жогорку окуу жайларда философиялык дисциплиналарды окутуудагы көйгөйлөр” аталышында ЖОЖдор аралык тегерек стол өтүүдө. Иш-чарага КМУнун окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Хадича Шамбеталиева, Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын А. Алтмышбаев атындагы философия институтунун директору Нур Саралаев, Кыргызстандын илимий мекемелеринин жана ЖОЖдорунун окутуучулары жана студенттери катышууда.

Иш-чаранын максаты: ЖОЖдордо философиялык билим берүүнүн учурдагы абалын баалоо, анын мазмунун жакшыртуу жана методологиялык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издөө.