КМУда “Жогорку окуу жайларда философиялык дисциплиналарды окутуудагы көйгөйлөр” аталышында тегерек стол өттү
Бүгүн, 20-ноябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Бүткүл дүйнөлүк философия күнүнө карата “Жогорку окуу жайларда философиялык дисциплиналарды окутуудагы көйгөйлөр” аталышында ЖОЖдор аралык тегерек стол өттү. Иш-чарага КМУнун окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Хадича Шамбеталиева, Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын А. Алтмышбаев атындагы философия институтунун директору Нур Саралаев, Кыргызстандын илимий мекемелеринин жана ЖОЖдорунун окутуучулары жана студенттери катышты.
Иш-чаранын максаты: ЖОЖдордо философиялык билим берүүнүн учурдагы абалын баалоо, анын мазмунун жакшыртуу жана методологиялык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издөө.
Иш-чаранын жүрүшүндө ЖОЖдордо философия багытында адистерди даярдоонун мамлекеттик стандарттарга шайкештиги жана практикалык көйгөйлөр, философия курстарынын мазмуну, темалары жана окутуу ыкмалары,окуу китептери жана материалдары: классикалык тексттерди жана заманбап ресурстарды колдонуу, философиялык билим берүүнүн заманбап технологиялары жана алардын мүмкүнчүлүктөрү жана философия предметинин окутуучусунун кесипкөйлүгү жана педагогикалык жөндөмдөрү тууралуу маселелер талкууланды.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын А.Алтмышбаев атындагы философия институтунун А.И. Нарынбаев атындагы Илимдердин тарыхы, философиясы жана методологиясы кафедрасынын башчысы, философия илимдеринин доктору, профессор Калбүбү Сариева - «ЖОЖдордо окутулуучу философия курсунун мазмуну: негизги принциптери, темалары жана методологиялык өңүттөрү», И. Арабаев атындагы КМУнун доценти Жумадил Арзыматов - «Илим жана философия: алардын өзгөчөлүгү», доцент Замир Алымкулов “ЖОЖдордо философия багытында адистерди даярдоодогу көйгөйлөр, чечүүнүн жолдору”, ОшМУнун философия жана политология кафедрасынын башчысы Кубанычбек Исаков - «Мамлекеттик билим берүү стандарттары жана окуу процессиндеги реалдуу абал», доцент Эмиль Каниметов - «Кыргыз Республикасынын учурдагы окуу жайларында философияны окутуу: көйгөйлөрү, спецификасы жана келечеги», Ж. Баласагын атындагы КУУнун доценти Саветбек Абдрасулов - «Кыргыз дүйнө таанымын окутуу мезгил талабы» аталышында докладдар жасалды.
Тегерек столдун жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, ыраазычылык каттар тапшырылды.
Иш-чара Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту тарабынан уюштурулду.