Blog Image

КМУда “Жогорку окуу жайларында кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун маселелери” аталышындагы иш-чара өтүүдө

Бүгүн, 19-февраль күнү, И. Арабаев атындагы КМУнун негизделгендигинин 80 жылдыгына жана 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнүнө карата “Жогорку окуу жайларында кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун маселелери” аталышындагы иш-чара өтүүдө.

Иш-чарага И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы Кутмырза Жакыбалиев, КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Аркарбек Мамытов жана башкалар катышууда.