КМУда “Жогорку окуу жайларында кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун маселелери” аталышындагы иш-чара өттү
Бүгүн, 19-февраль күнү, И. Арабаев атындагы КМУнун негизделгендигинин 80 жылдыгына жана 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнүнө карата “Жогорку окуу жайларында кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун маселелери” аталышындагы иш-чара өттү.
Иш-чарага И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы Кутмырза Жакыбалиев, КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Аркарбек Мамытов жана башкалар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында уюштурулуп жаткан республикалык сынактын натыйжасы жана аны кеңири жайылтуу максаты”, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасынын доценти Күлнар Иманакунова “ЖОЖдордо кыргыз тилин экинчи тил катары коммуникативдик багытта окутуу”, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучусу Тамара Козубекова "Юридикалык жогорку билим берүүдө кыргыз тилин кесиптик багытта окутуу маселелери", И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кыргыз тили кафедрасынын башчысы Элмира Абдырасулова “Улуттук баалуулуктар аркылуу кесипкөй медикти даярдоо”, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кыргыз тили кафедрасынын башчысы Айнура Жумагул кызы "Иштиктүү кыргыз тилине багыттап окутуу программасынын үлгүлөрү", Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Э. Алиев атындагы академиясы, тилге даярдык кафедрасынын улук окутуучусу Айжан Уркунбаева “Ички иштер органдарына кызматкерлерди даярдоодо кыргыз тилинин орду”, М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын доценти Жылдыз Турпанова “Кыргыз тили жана адабияты сабагында интерактивдүү ыкманы колдонуунун жолдору”, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил кафедрасынын доценти Рыскүл Жумалиева, “Кыргыз тилин инновациялык методдор менен окутуу”, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кыргыз тили кафедрасынын доценти Мээрим Сулайманкулова "Кыргыз тилин филологиялык эмес адистиктерде окутуунун ыкмалары" аталышында баяндама жасады.
Иш-чаранын алкагында “Көп тилдүүлүк – ийгиликке жетүүдөгү чексиз мүмкүнчүлүктөр” аталышындагы эссе жазуу сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.
Иш-чара КМУнун Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулду.